• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Баткен облусунун башчысы кыргыз-тажик чек арасындагы абалды көзөмөлдөөдө

Аймак 0

Бишкек, 29.04.21. /Кабар/. Баткен районунун Ак-Сай айылындагы Ак-Суу дарыясында жайгашкан башкы суу бөлүштүрүүчү жайдын айланасында абал туруктуу. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ак-Суу дарыясында жайгашкан башкы суу бөлүштүрүүчү жайдын айланасында чыңалуу бар, эки тараптан тең топтолгон жарандар тарай элек.

Баткен облусунун башчысы Өмүрбек Суваналиев жана Тажикстандын Согди облусунун башчысы Раджоббой Ахмадзода абалды турукташтыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

Жеринде ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Маруфхан Тулаев баш болгон жергиликтүү бийлик органдары жана күч түзүмдөрү кырдаалды курчутпоо аракетинде ыкчам иш-аракеттерди жүргүзүүдө.

Ал эми Баткен районунун Көчө-Бою жергесинде бүгүн, 29-апрелде болжол менен саат 4:40тарда абал курчуп кеткени айтылган.

Эскерте кетсек, кечээ, 28-апрелде Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагында Ак-Суу дарыясында жайгашкан башкы суу бөлүштүрүүчү жайда эки элдин жарандары бири-бирине таш ыргытуудан чыр чыккан.

Окуядан жалпы төрт жаран жараат алган, алардын үчөөнө таш тийген, бирөөсү октон жараат алган.

Таш тийген эки жаран Самаркандек аймактык ооруканасына жаткырылган, бирөөсүнө амбулатордук жардам көрсөтүлгөн. Ок тийген жаран Лейлек аймактык ооруканасына жеткирилген.

КР УКМКнын Чек ара кызматынан кабарлашкандай, мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде абал курч бойдон калууда

Пикир

Оставить комментарий