• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Баткен облусунун башчысы Лейлек районунун чек арада жайгашкан айылдарына барды

Аймак 0

Бишкек, 06.07.21. /Кабар/. Министрлер кабинетинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Баткен облусунун Лейлек районунун чек арада жайгашкан айылдарынан кабар алды.

Министрлер кабинетинин Баткендеги өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, алгач облус башчысы Лейлек районунун Сада айылына барып, жергиликтүү жашоочулар менен жолугушту.

Жолугушуу учурунда ыйгарым укуктуу өкүл айылга эң керектүү делген бала бакча, мечит, айылдын башкы жолун асфальтто иштери жана башка социалдык маселелер жакынкы аралыкта чечилерин айтты. Ошондой эле Сада айылындагы көйгөй жаратып келген электр энергиясынын зымдарын трансформатор менен туташтыруу иштери жөнгө салынды.

Садалыктар менен болгон жолугушууда айылдыктардын быйылкы бүтүрүүчү балдарын жогорку окуу жайларда, чет өлкөлөрдө билим алууга мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берерин билдирди.

Иш сапарынын жүрүшүндө облус башчысы Алимбаев Максат айылындагы жаңыдан курулуп жаткан балдар бакчасынын курулушу, өрттөлгөн Максат орто мектебинин калыбына келтирүү иш аракеттери жана да жаңыдан Түркиянын колдоосу менен салынган үйдүн курулушунан кабар алды.

Учурда Лейлек районунун чек арадагы жабыр тарткан айылдарында социалдык объекттердин жана жаңыдан салынып жаткан үйдүн курулуш иштери жана оңдоп-түзөө иштери кызуу жүрүүдө.

Мындан сырткары, Абдикарим Алимбаев Лейлек районуна болгон иш сапарынын алкагында чек арада жайгашкан Арка 1, Арка 2 жана Борбордук айылдарынан да кабар алды.

"Мындай иш сапарлардын негизги максаты эл арасында жеринде түшүндүрүү иш-чараларын уюштуруу, элдин көйгөйүн угуу жана натыйжалуу чечүү саналат", - деп кошумчалашты облустагы өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынан.

Пикир

Оставить комментарий