• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Баткен облусунун башчысы Сүлүктү шаарында иш сапары менен болду

Аймак 0

Бишкек, 29.10.20. /Кабар/. Баткен облусунун башчысы Жаныбек Жалалов Сүлүктү шаарында иш сапары менен болду. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, өкүл шаарды таза суу менен камсыз кылуу максатында ишке ашып жаткан таза суу долбоорунун курулуш иштери менен таанышты. Учурда Дүйнөлүк Банк тарабынан 220 млн сомдук долбоордун биринчи этабы аяктап, экинчи этабы башталганы турат.

Ошондой эле республикалык бюджеттин жана түрткү берүүчү гранттын эсебинен асфальтталган шаардагы ички 4 көчөнүн курулушун көрүп чыкты. Быйылкы жылы шаарда жалпы 13 млн 600 миң сомго, 2 км 540 м жолго асфальт төшөлгөн.

Андан соң ыйгарым укуктуу өкүл капиталдык оңдоп-түзөө жумуштары жүрүп жаткан Үй- бүлөлөк дарыгерлер борборунан кабар алып, пандемия шартында иштеп жаткан дарыгерлер менен саламаттык сактоо тармагындагы түзүлгөн шарттар боюнча баарлашты.

Аны менен катар шаардагы оңдоп-түзөөдөн өтүп жаткан “Баластан” балдар бакчасынан жана айыл чарба продукциясын өндүрүү жаатында иш алып барган “Нур” жоопкерчилиги чектелген коомунун ишмердүүлүгүн да көрүп чыкты.

Ыйгарым укуктуу өкүл иш сапарынын алкагында шаар жетекчилиги жана Сүлүктү шаардык мэриясынын аппаратынын кызматкерлери менен жолугуп, шаарды өнүктүрүү жаатында аткарылып жаткан иш-аракеттер талкууланды.

Өкүл өз сөзүндө, облус эли, көмүр отун менен камсыз болууда, Сүлүктү шаарынын көмүр кендерине ишеним артаарын белгилеп, жергиликтүү бийлик калктын көмүргө болгон муктаждыгына зор жоопкерчилик менен мамиле жасап, көмүр баасын туруктуу сактоо керектигин айтты.

Белгилей кетсек, Сүлүктү шаарынын көмүр кендери 9 айдын жыйынтыгы менен 184 миң тонна көмүр өндүрүп, планды 102%га аткарышкан.

Пикир

Оставить комментарий