• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Баткен облусунун башчысы Өзбекстан менен чектеш чек ара бекеттеринен кабар алды

Аймак 0

Бишкек, 16.03.20. /Кабар/. Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Алишер Абдрахманов 15-мартта Кызыл-Кыя автожол көзөмөл-өткөрүү пункту, Кадамжай, Жошук, Кайтпас чек ара көзөмөл-өткөрүү пункттарынан кабар алды. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.

Өкүл аталган жайларда коопсуздук, санитардык, фитосанитардык, медициналык жана ички чарбалык кемчиликтерге жол бербөө, кошуна Өзбекстандан чыккан жарандарды тепловизор менен текшерүүнү туура, өз эрежеси менен жүргүзүү, нөөмөткө дайындалган дарыгерлерге шарт түзүү, тез жардам унаасы менен камсыздоо, оорулууну кармоочу убактылуу изолятордук бөлмөнүн абалын ар дайым көзөмөлгө алууну тапшырды.

Ошондой эле ыйгарым укуктуу өкүл чек арадан өткөн түрдүү жүктөрдү көзөмөлдөгөн фитосанитардык, ветеринардык көзөмөл мекемелеринин, бажы кызматынын адистерин мыйзам чегинде иш алып баруу менен, убагында туура, так маалымат берип турууну тапшырды.

Кызыл-Кыя өткөрмө пункту аркылуу күн сайын Кыргызстанга 3000дей жаран кирип, чыгат. Ал эми Кадамжай өткөрмө пункту аркылуу 4500, Жошук чек ара постунан 50-60, Кайтпас чек ара постунан 450дөй жаран Баткен облусунун аймагына кирип, чыгышат. Мындан улам Алишер Абдрахманов “коронавирус оорусунан сактанууда чек ара өткөрмө бекеттеринин иши өзгөчө маанилүү. Ошондуктан элдин саламаттыгы үчүн өткөрмө бекеттер сапаттуу жана жоопкерчиликтүү иш алып барышы керек. Муктаждыктарды жашырбай, ачык айтып, жетиштүү шарт түзүүнүн үстүндө иштешибиз зарыл. Ооруну жашырсаң, өлүм ашкере деген сөз бар. Ошондуктан бул кемчиликтерди жоюунун үстүндө ыкчам иш-аракеттерди жүргүзүүнү талап кылам”, - деди.

Белгилей кетсек, 15-мартта Өзбекстанда коронавирус жуктурган биринчи учур катталганы маалымдалган.

Пикир

Оставить комментарий