• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Баткен облусунун башчысы Жаш ишкерлер ассоциациясынын өкүлдөрү менен жолукту

Аймак 0

Бишкек, 29.12.20. /Кабар/. Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жаныбек Жалалов Жаш ишкерлер ассоциациясынын өкүлдөрү менен жолукту. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирет.

Жаш ишкерлер ассоциациясы Баткен облусунда 2016-жылы түзүлүп, учурда 100гө жакын мүчөсү бар.

Жаш ишкерлер ассоциациясынын алдында 2019-жылы облуста ишкерлерди колдоо борбору ачылып, учурда аталган борбор ишкерлерге юридикалык жана ишкердикти баштоо, өнүктүрүү боюнча акысыз кеңештерди берип, окутууларды уюштуруп келет.

2020-жыл ичинде аталган борборго 700гө жакын кайрылуу болгон.

Ассоциация буга чейин ишкерлер үчүн форум, бизнес каравандарды жана өлкөнүн башка аймактарында тажрыйба алмашууларды уюштуруп келет.

2020-жылы ассоциация тарабынан ишкердикке кызыккан айымдарды колдоо боюнча долбоор ишке ашып, облуста 24 айым каржылык колдоо алып, ишмердүүлүктөрүн башташкан.

Ыйгарым укуктуу өкүл Жаныбек Жалалов, жаш ишкерлер менен жакындан баарлашып, облуста чакан жана орто бизнести өнүктүрүү, ишкерлерге көмүскөдө эмес, расмий иш жүргүзүүнүн артыкчылыктары, өкмөттүк жана гранттык колдоолор тууралуу, маалымдуулукту жогорулатуу зарылдыгын белгиледи.

Ошондой эле биздин аймакта бар сырьёну пайдалануу менен, өзгөчө жаңы технологияларды пайдаланып, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү багытында иш алып баруу, натыйжалуу жана пайдалуу болоорун айтты.

Ишкерлер, ыйгарым укуктуу өкүл менен жаңы жылда аткарылуучу пландары менен бөлүшүп, бир катар сунуштарын айтышты.

Ыйгарым укуктуу өкүл мындан ары ишкерлер менен тыгыз иш алып барууга жана ишкерлердин бизнес жаатындагы жаңы демилгелери менен, долбоорлорун колдоого даяр экенин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий