• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Баткен облусунун башчысынын орун басары аймактагы дезинфекциялоо иштери туурасында айтып берди

Аймак 0

Бишкек, 17.06.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Баткен облусунда залалсыздандыруу иштери үзгүлтүксүз жүрүп жатат. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Жаркынбек Максутов брифингде билдирди.

Анын айтымында, жергиликтүү тургундар арасында түшүндүрүү иштери да жүргүзүлүүдө.

"Баткенде 257 мечит, 154 мектеп, 34 окуу жай, 165 бала бакча, 189 коомдук тамактануучу жай, 26 базар, 26 саламаттык сактоо мекеме жана көчөлөр дезинфекцияланды", - деп белгилеп кетти Максутов.

Пикир

Оставить комментарий