• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Баткен облусунун чек ара аймактарында милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда

Аймак 0

Бишкек, 18.04.20. /Кабар/. Баткен облусунун чек арага чектеш аймактарында COVID-19 илдетин алдын алуу максатында милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Баткен районунун Кара-Бак аймактык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери чек аралаш аймактарды милициянын көчмө кабылдамасы менен аралап жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Ал эми санитардык-карантиндик посттордо милиция кызматкерлери жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери менен биргеликте иш жүргүзүп, айыл аймактарга кирген автоунааларга дезинфекциялык иштерди жандандырууда.

Белгилей кетсек, Кара-Бак айыл аймагы коңшулаш Тажикстан Республикасынын Согди облусунун Исфара районунун Лаккан, Багыстан айылдары менен чектешет.

Пикир

Оставить комментарий