• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Баткен облусунун чек арачылары президенттин колунан жаңы батирлердин ачкычтарын алышты

Президент 0


Бишкек, 20.02.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-февралда, Баткен облусуна жумушчу сапарынын алкагында Лейлек районунун Исфана шаарында Мамлекеттик чек ара кызматынын кызматчылары үчүн курулган көп батирлүү үйдүн ачылышына катышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Президент жаңы конуш ээлерин куттуктап, мамлекет чек арачылардын турмуш шартын жакшыртууга өзгөчө көңүл буруп жатканын белгиледи. “Мамлекет коопсуздугу чек арадан башталат. Ошондуктан бүгүн мен чек ара кызматчылары үчүн жаңы үйдүн ачылышына катышып жатканыма кубанып жатам. Акыркы жылдары мамлекет өз армиясына, чек арачыларга ар тараптан камкордук көрө баштады. Бул иште мурдагы мамлекет башчысы Алмазбек Шаршенович Атамбаевдин эмгеги чоң. Биз мындан ары да Куралдуу күчтөрдү, анын ичинде Чек ара аскерлерин ар тараптан бекемдеп, аскер кызматчыларынын жашоо-тиричилигин, кызматтык шарттарын жакшыртабыз”, - деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы кошуна өлкөлөр менен тынчтыкта жана ынтымакта жашап, проблемаларды сүйлөшүүлөр аркылуу чечүү керектигин баса белгиледи.

“Алыскы туугандан – жакынкы коӊшу” дегендей, биз коӊшуларыбыз менен ынтымакта жашоону жактайбыз. Биздин чек араларыбыз жакшы коңшулардын, достуктун дарбазасына айланууга тийиш. Коңшу өлкөлөргө менин визитимдин жүрүшүндө Өзбекстандын Президенти Шавкат Миромонович Мирзиёев менен биз көптөгөн маселелер боюнча өз ара кабыл ала турган чечимдерге жетише алдык. Мурда Өзбекстан менен чек аранын 85 % аныкталган. Биз бул багытта диалогду улантабыз. Тажикстан менен дагы чек ара маселелери боюнча сүйлөшүүлөр жакшы нукта улантылууда”, -деп баса белгиледи Мамлекет башчысы.

Президент Сооронбай Жээнбеков көптөгөн кыйынчылыктарга жана көйгөйлөргө карабастан, ата конушун таштап кетип калбай чек ара боюндагы аймактарда жашап жана эмгектенип жаткан кыргызстандык жарандарга ыраазычылык билдирди. “Мамлекет чек ара боюндагы аймактарды колдоого айрыкча көңүл бөлөт”, - деп белгиледи Президент.

Ал ошондой эле жайы-кышы, күнү-түнү алыскы чек арада кызмат өтөшүп, ыйык кызматын ар-намыстуулук менен аткарып жатышкан чек арачыларга да ыраазычылык билдирип, аларга бекем ден-соолук, бакубатчылык, ийгилик каалады.

Мамлекет башчысы жаңы курулган үйдүн короосунда балдар ойной турган аянтча куруу үчүн 200 миң сомдук сертификатты тапшырып, жаңы батирлерди кыдырып көрдү жана жаңы конуштардын бактылуу ээлери менен маектешти. Андан соң жалпы сүрөткө түштү.

Маалымдама: Баткен облусунун Исфана шаарындагы 24 батирлүү үйдүн курулушу 2016-жылдын ноябрь айында башталган. Территориянын жалпы аянты 1758 чарчы м, 2 кабаттуу, бир бөлмөлүү 18 жана эки бөлмөлүү 6 батир бар.

Пикир

Оставить комментарий