• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Баткен облусунун чек арада жайгашкан айылдары үзгүлтүксүз электр энергия менен камсыздалат

Экономика 0

Бишкек, 16.07.21. /Кабар/. Баткен облусунун чек арада жайгашкан айылдары үзгүлтүксүз электр энергия менен камсыздалат. Бул тууралуу "Улуттук энергохолдинг" ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Таалайбек Ибраев жана Улуттук энергохолдингдин төрагасы Асхат Бердиев “Баткен облусундагы Арка массивин электр менен жабдууну жакшыртуу” долбоорунун жүрүшү менен таанышты.

Долбоорду ишке ашыруунун алкагында Баткен облусунда жаңы 110 кВт “Раззаков” көмөк чордону курулуп жатат. Жаңы көмөк чордонду куруудан тышкары, иштеп жаткан 110 кВт “Арка” көмөк чордону долбоорго ылайык реконструкцияланды жана эки көмөк чордонду бириктирген, узундугу 51 чакырым болгон 110 кВт аба чубалгысы курулду. Бүгүнкү күндө 110 кВт “Раззаков” көмөк чордонун куруу иштери 70-80%га аткарылды.

Белгилей кетсек, “Баткен облусундагы Арка массивин электр менен жабдууну жакшыртуу” долбоору аяктагандан кийин Тажикстан менен чектешкен айылдар үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз болушат жана коңшу мамлекеттин электр энергиясынан көз карандылыгынан арылат.

Ошондой эле Баткен облусунун электр тармактарынын аймактарын өндүрүү ишин жакшыртуу жана керектөөчүлөргө ыңгайлуу болуш үчүн “Ош электр” ААКтын Баткендеги филиалы түзүлүп, курамына керектүү административдик-башкаруучу кызматкерлер, ошондой эле Кызыл-Кыя РЭТ, Кадамжай РЭТ, Лейлек РЭТ, Сүлүктү РЭТ жана Баткен РЭТтери киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий