• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Баткен облусунун чек аралаш аймактарында 40ка жакын капиталдык курулуштар ишке ашырылууда

Аймак 0

Бишкек, 25.08.20. /Кабар/. Баткен облусунун чек аралаш аймактарында 40ка жакын капиталдык курулуштар ишке ашырылууда. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, акыркы үч жылдан бери КР өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-январындагы № 5 токтому менен бекитилген өзгөчө статусу бар, айрым чек ара аймактарынын коопсуздугун камсыздоо жана социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү максатында иш-чаралар планы ишке ашырылып келет.

Бул иш-чарага Баткен облусунан жалпы 29 обьекттин курулушу кирген. Анын 20 Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгы, 9 тийиштүү мамлекеттик мекемелер аткарууга алган.

29 обьекттин бирөө делимитация жумуштары аяктаган чек ара тилкесинде тосмолорду куруу, бешөө сугат суу обьектилери, үчөө бала бакча, төртөө электр линияларын куруу, үчөө ФАП, жетиси капиталдык оңдоп-түзөөлөр, бирөө ӨКМ бөлүмү, бирөө жолдун курулушу, бирөө суу жээктерин бекемдөө иштери, бирөө спорт зал, бирөө таза суу обьектиси. Бул жумуштар үчүн республикалык бюджеттен жалпы 195 млн сом каражат жумшалды.

Ошондой эле чек арага жакын аймактарда жайгашкан Баткен облусунун калктуу конуштарында социалдык обьекттердин, транспорттук инфраструктурасын жана ирригациялык курулмаларын куруу боюнча КР өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-майындагы №140 буйругу да аткарылып келет.

Анда мамлекет тарабынан 220 млн сом каражат ажыратылып, Көк-Таш-Ак-Сай-Тамдык жолунун жана Ак-Сай-Рават жолдорунун курулушу, Ак-Сай айылындагы Бакай участкасына сугат суу жеткирүү, Ак-Сай айылындагы Ходжаев мектебин капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү, Капчыгай, Ак-Татыр айылдарына бала бакча куруу боюнча иш-чаралар аткарылып келүүдө.

Мындан сырткары, республикалык бюджеттин эсебинен капиталдык салымдар беренеси боюнча Баткен районунун чек арадагы Орто-Боз айылында 150 орундуу, Үч-Дөбө айылында 225 орундуу мектептердин курулушу жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий