• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Баткен облусунун Голбо айылындагы мектептин курулушу 55%га аткарылды

Аймак 0

Бишкек, 01.02.21. /Кабар/. Баткен облусунун Голбо айылындагы мектептин курулушу 55%га аткарылды. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мектептин курулушу 2019-жылдын октябрында башталган. Объектинин долбоордук кубаттуулугу 275 окуучулук орунга эсептелинген. Ал эми келишимге ылайык мектептин курулушунун сметалык баасы 931 320 АКШ долларын түзөт.

Объектте курулуш-монтаждоо иштери бекитилген графикке ылайык жүргүзүлүп, даярдыгы 55%ды түзөт. Бүгүнкү күндө подряддык уюм тарабынан жер иштери, фундаменти жана кыштан жасалган иштер 100% га бүткөрүлгөн. Учурда асма такталардын жыгач конструкциясын орнотуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, мектептин курулуш иштеринин бүткөрүү 2021-жылдын жаңы окуу жылына чейин пландаштырылган. Анда долбоор боюнча техникалык жана чеберчилик кабинети, медициналык кабинети, китепкана, окуу класстары, мугалимдердин кабинети, компьютердик класстар, илгич жайлар менен жуунуучу бѳлмѳлѳр, машыгуу залы, ашкана жана акты залдары болот.

Пикир

Оставить комментарий