• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Баткен облусунун Кереге-Таш айылынын тургуну Мурзапаша Маматов “Даңк” медалы менен сыйланды

Президент 0

Бишкек, 29.08.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык аймагынын калкынын жашоо шарттарын жакшыртууга багытталган Ак-Корум-Кереге-Таш ирригациялык каналын куруу боюнча социалдык маанилүү долбоорду демилге кылгандыгы жана ишке ашыргандыгы үчүн долбоордун автору, Баткен облусунун Кадамжай районунун Кереге-Таш айылынын тургуну Мурзапаша Маматов «Даңк» медалы менен сыйланды.

Ушул эле Жарлык менен «Кыргызстандын жаңы айыл кыймылы» коомдук бирикмеси Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланды.

Пикир

Оставить комментарий