• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Баткен облусунун саламаттык сактоо тармагын жакшыртуу тапшырмасы коюлду

Аймак 0

Бишкек, 22.07.22. /Кабар/. Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн алдындагы Саламаттык сактоо тармагынын координациялык кеңешмеси болуп өттү.

Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашкандай, кеңешмеге облус башчысынын орун басары Жаныбек Исаков, район акимдеринин орун басарлары жана медицина кызматкерлери катышты.

Кеңешмеде облуста саламаттык сактоо тармагында аткарылып жаткан иш аракеттер менен бирге көйгөйлөр, анын ичинде энелердин жана балдардын өлүмү, төрөт бөлүмдөрүндөгү коррупциялык аракеттер жана башка маселелер каралды.

Кеңешменин жүрүшүндө Жаныбек Исаков аталган тармактын бир катар кемчиликтерине токтолуп, облустагы медициналык мекемелердин, ЖДПБ жетекчилерине саламаттык сактоо тармагын жакшыртуу менен айтылган көйгөйлөрдү чечүү боюнча тапшырма берди.

Ошондой эле облус башчысынын орун басары саламаттык сактоо тармагындагы орчундуу кемчиликтерге жол койгон жетекчилерге чара көрүлөрүн эскертти.

Пикир

Оставить комментарий