• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Баткен облусунун сот кызматкерлери арасында кичи-футбол өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 13-май /Кабар/. Кадамжай районунун борборунда, үстүбүздөгү жылдын 12-майында Баткен облустук сотунун, райондор аралык, сот департаменти, райондук жана шаардык сотторунун судьялары жана аппарат кызматкерлеринин катышуусунда кичи-футбол өткөрүлдү. Бул тууралуу Баткен облустук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Кадамжай шаарында белгиленген бул спорттук мелдешке жалпысынан 9 команда ат салышты. Биринчи орунга Баткен облусунун райондор аралык сотунун курамынан уюшулган команда ээ болду. 2-орунду Кызыл-Кыя шаардык сотунун командасы, үчүнчүнү Сүлүктү шаардык сотунун кызматкерлеринен куралган команда ээледи. Жеңүүчүлөр акчалай сыйлык жана дипломдор менен сыйланышты. Ошондой эле кызыктыруучу белектер да коюлду.

“Мындай спорттук иш чараларды өткөрүү менен ден соолукту чыңдоо, жаштар арасында спортко болгон кызыгууларын арттыруу, ошондой эле, Баткен облусундагы сот кызматкерлеринин ортосундагы ынтымак, достук мамиленин мындан да жакшырышына шарт түзөт”, – деди Баткен облустук сотунун төрагасы Сайдибаказ Мусаев.

Бул спорттук иш чара салт катары ар бир эки айда өткөрүлөт. Мындан кийинки көчмө кубогун өткөрүү Лейлек райондук сотуна тапшырылды. Буга чейин Баткен облусунун борборунда өткөрүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий