• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Баткен облусунун төрт шаарында ири таза суу долбоору ишке ашууда

Аймак 0

Бишкек, 24.01.20. /Кабар/. Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Акрам Мадумаров Кызыл-Кыя шаарында жүрүп жаткан таза суу долбоорунун иштеринен кабар алды. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, Баткен облусунун Баткен, Кызыл-Кыя, Сүлүктү жана Исфана шаарларында Европа реконструкциялоо банкы жана Дүйнөлүк банк тарабынан ири долбоорлор аткарылууда.

Кызыл-Кыя шаарында бүгүнкү күндө Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан 7 млн 200 миң доллар болгон ири долбоор аткарылууда. Натыйжада шаарга 35 км суу түтүктөрү тартылат.Учурда долбоордун алкагында 920 миң евро же болбосо 20% жумуш аткарылды.

Ал эми Баткен шаарында аталган уюм тарабынан жалпы суммасы 5,02 млн евролук долбоор ишке ашып, анын 129622 евро каражатына Таза суу ишканасынын кеңсесинин имараты курулуп бүттү. Ошондой эле 17 км түтүк төшөө иштери жана 3 км 600 м канализация жаткыруу иштери бүткөрүлдү. Долбоор толугу менен ушул жылдын июнь айында бүтөт.

Исфана шаарын таза суу менен камсыздоо үчүн Европа бирлиги тарабынан берилүүчү жалпы 5 млн евро инвестициялык грант боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө мыйзамга өлкө башчысы тарабынан кол коюлду. Алдыдагы үч жылда бул жумуштарды аткаруу пландалган.

Сүлүктү шаарында дүйнөлүк банк тарабынан каралган 4 млн доллар каражатка жалпы узундугу 45,9 км түзгөн суу түтүктөрүн монтаждоо жумуштары 90% бүттү. Курулуш иштери ушул жылдын июнь айына бүтүүсү пландалган.

Пикир

Оставить комментарий