• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Баткен облусунун Өзбекстан менен өткөрмө бекеттеринде талаптар жеңилдеди

Аймак 0

Бишкек, 02.10.17 /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 1-октябрында Баткен облусунун Кадамжай районундагы Өзбекстан менен чектешкен аймагындагы “Кадамжай-автоунаа” көзөмөлдөп өткөрүү бекети менен Өзбекстандын “Вадиль-автоунаа” көзөмөлдөп өткөрүү бекеттеринде эки өлкөнүн жарандары үчүн эрежелер жеңилдеди.

Облустук өкүлчүлүктөн билдиришкендей, тагыраагы буга чейинки Өзбекстан Республикасынын ички эрежелеринин негизинде Өзбекстандын аймагына телеграмма менен өтүү талабы жоюлду.

Бул жакшы саамалык салтанаттуу түрдө белгиленип, ага КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев, Өзбекстандын Фергана облусунун башчысы Шухрат Ганиев баштаган эки тараптын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү,жергиликтүү тургундар катышты.

Салтанатта сөз сүйлөгөн Абиш Халмурзаев Кыргызстан менен Өзбекстандын өлкө башчыларынын акыркы жолугушуусу эки эл үчүн өтө жемиштүү болгондугу, Кыргызстан-Өзбекстан мамилеси кыска убакыт аралыгында эң жакшы жагына өзгөргөндүгүн өлкө башчыларыбыз А.Атамбаев менен Ш.Мирзиёев эки элдин ынтымагы менен карым катнашын бекемдөөгө эбегейсиз зор салым кошкондугун айтты.

“Чынында биз жакын кошуна жана өнүгүүгө карай жолдо келечектүү өнөктөшпүз. Эми мындан ары Баткен-Фергана кызматташтыгы да жандуу өнүгөт деп ишенем” деди А.Халмурзаев.

Эми мындан ары эки өлкө жарандары өткөрмө бекеттерден телеграммасыз өтүүгө болот.

Пикир

Оставить комментарий