• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Баткен облусунун жетекчиси Абдрахманов күндүзгү стационарлардын абалын көрүп чыкты

Аймак 0

Бишкек, 09.07.20. /Кабар/. Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Алишер Абдрахманов күндүзгү стационарлардын абалын көрүп чыкты.

Өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынан кабарлашкандай, өкүл Абдрахманов Лейлек районун борборундагы жана алыскы, чек арада жайгашкан Арка, Жаңы-Жер, Борбордук айылдарындагы коронавирус оорусу менен күрөшүү үчүн көрүлүп жаткан иш-аракеттерден да кабар алган. Учурда облустун алыскы айылдарында да ФАПтын жана социалдык обьектилердин базасында күндүзгү стационарлар уюштурулуп жатат.

Облус жетекчиси күндүзгү стационарлар үчүн орун эле эмес, керектүү медициналык каражаттар, дары-дармек жана коргонуучу, дезинфекциялык каражаттар, дарыгерлер жана алардын тамак-ашы сыяктуу маселелерди азыртан, толугу менен чечүү тапшырмасын берди.

Маалыматка ылайык, Баткен облусунда жалпы 32 жайда 1548 орундук даярдалган..

Пикир

Оставить комментарий