• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Баткен: Шайлоо участокторунда өрттү алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 16.09.20. /Кабар/. Баткен облусундагы шайлоо участокторунда өрттү алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Тактап айтканда, бүгүн, 16-сентябрда ӨКМдин өрттү өчүрүү жана алдын алуу башкармалыгынын кызматкерлери Баткен облустук башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте Лейлек районундагы жана Исфана шаарындагы шайлоо участкаларында жана шайлоо өткөрүлүүчү мекемелерде өрт коопсуздугун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрүнүн кызматкерлери тарабынан “Өрт коопсуздук эрежелери боюнча” маалымат баракчалары таркатылууда.

Белгилей кетсек, өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаровдун тапшырмасынын негизинде жер-жерлердеги шайлоо участкаларында өрт коопсуздугун алдын алуу багытындагы иштер уланууда.

Пикир

Оставить комментарий