• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Баткен ОИИБ: Лейлек районунда ички коопсуздук көзөмөлдөнүүдө

Аймак 0

Бишкек, 13.04.22. /Кабар/. Лейлек районунда тажик тараптан ок атышуу окуясынан улам Баткен ОИИБдин өздүк курамы көтөрүлгөн "Айгайдын" негизинде башкармалыктын жетекчилиги менен биргеликте жерине барып, абалды турукташтырууда. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Баткен ОИИБсынын начальниги Мурат Боронов Тажикдын Согди ОИИБсынын начальниги Абдулло Навджуанов менен чек арада жолугуп, эки элдин ортосундагы коопсуздукту сактоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Учурда милиция кызматкерлери аталган аймактарда кайгуул күзөттөрдү уюштуруп, коомдук коопсуздукту камсыздоодо.

Эскерте кетсек, 12-апрелде кыргыз-тажик чек арасында курал колдонуу менен чыр-чатак орун алган. Саат 21:17лерде сүйлөшүү учурунда тажикстандык чек арачылар кыргызстандык аскер кызматкерлерине ок чыгарышып, ал 30 мүнөткө созулган. Кайталанган ок атышууда УКМКнын Чек ара кызматынын кызматкери жарадар болгон.

Чек ара кызматынын акыркы маалыматына таянсак, Кыргызстан менен Тажикстан күч жана каражаттарын алып кете баштады. Сүйлөшүүлөр уланууда.

Пикир

Оставить комментарий