• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Баткен ОИИБнын ардактуу эс алуудагы ардагерлери сыйланды

Аймак 0

Бишкек, 30.09.21. /Кабар/. Баткен облусунун аймагында ички иштер органдарында үзүрлүү иштеп, ардактуу эс алууга кеткен ардагерлерди Баткен ОИИБнын Ардагерлер кеңешинин төрагасы Ниймат Арапов 1-октябрь — Карылардын эл аралык күнү менен куттуктады. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган иш-чаранын жүрүшүндө ардактуу эс алуудагы ардагерлердин мамлекеттин бүтүндүгүн сактоодо орду чоң экендиги айтылып, алардын кызматы, эмгеги бааланып, Ички иштер министрлигинин төш белгилери тапшырылды.

"Милициядан ардактуу эс алууга чыккандардын чинине, кызмат даражасына карабай баары тең учурда ИИМдин ардактуу ардагерлеринин катарын толуктайт жана аларга бирдей камкордук болууга тийиш. Ошондуктан Баткен ОИИБнын начальниги Мурат Бороновдун тапшырмасы менен Баткен ОИИБнын медициналык кызматы тарабынан облус аймагындагы ардагерлердин ден соолуктарына кам көрүү менен муктаж болгондоруна керектүү дары-дармектер камсыздалды", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий