• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Баткен ОИИБсы: Кыргыз-тажик чек арасында ок атылып, кыргыз жараны оң көзүнөн жараат алды

Кырсык 0

Бишкек, 29.04.21. /Кабар/. Кыргыз-тажик чек арасында ок атылып, кыргыз жараны оң көзүнөн жараат алды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Облустук милиция Баткен районунундагы Ак-Сай айыл аймагынын Көк-Таш айылындагы бүгүнкү кырдаал боюнча төмөнкүлөрдү билдирет:

"Бүгүн, 29-апрелде эртең менен саат 05:45 чамасында Баткен районунун Көк-Таш айылында жайгашкан аскер бөлүгүнө тажик жарандары тарабынан ок атуучу курал менен октор атылып, ошол айыл аркылуу өтүүчү Ош-Исфана жолунун боюнда жайгашкан Тажикстандын Майский айылы тараптан жолдон өткөн автоунааларга таштар ыргытылып баштаган. Бул факты Баткен РИИБнин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 266-беренеси ("ээнбаштык") менен катталып, сотко чейинки өндүрүш ишке алынган.

Тажик тарап аткан октон Баткен районунун Көк-Таш айылынын 30 жаштагы тургуну оң көзүнөн жараат алып, жергиликтүү айылдык ооруканага түшкөн. Бул жагдай Баткен РИИБнин КЖБРне Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 39/130-беренеси ("киши өлтүрүүгө аракет кылуу") менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Азыркы учурда Көк-Таш айыл элинин коопсуздугун сактап, абалды турукташтыруу максатында милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда".

Пикир

Оставить комментарий