• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Баткен окуяларында жабыр тарткан 7 соцобъекттин курулушу жана капиталдык ремонту аяктады

Аймак 0

Бишкек, 15.12.21. /Кабар/. Баткен окуяларында жабыр тарткан 7 соцобъекттин курулушу жана капиталдык ремонту аяктады. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Баткен облусунун чек ара аймагында тажик-кыргыз чыр-чатагынан жабыр тарткан Баткен жана Лейлек райондорунун айылдарындагы 8 социалдык объекттердин курулушу жана капиталдык оңдоп-түзөө жумуштары 2021-жылдын май айында башталган.

Республикалык бюджеттин эсебинен 309,8 млн сом акча каражаты каржыланып, сентябрь айында эки мектептин жана ФАПтын капиталдык оңдоп-түзөө жумуштары бүткөрүлүп, пайдаланууга тапшырылган.

Бүгүнкү күнгѳ, 775 окуучу орунга ылайыкталган 3 мектептин окуу корпустары бүткѳрүлүп, окуучуларды кабыл алууга толук даяр. Ошондой эле, 140 орундуу бала бакчанын курулушу аяктап, кичинекей балдарды күтүүгѳ даяр. Бардык жаңы объекттерде окуучуларга жана мектепке чейинки жаштагы балдардын окуусуна жана өнүгүүсүнѳ бардык ынгайлуу шарттар каралган.

Андан сырткары, 100 орундуу бала бакчанын курулушу аяктоодо. Учурда имараттын ички жана сырткы жасалгалоосу, жайкы беседкалардын курулуш иштери бүткѳрүүлүдѳ.

Белгилей кетсек, бул мектепке чейинки мекеменин жана 3 мектептин спорт залдарынын курулушун жылдын аягына чейин бүтүрүү пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий