• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Баткен окуяларынын ардагерлери терроризм жана экстремизмге каршы аракеттерди талкуулашты

Аймак 0

Бишкек, 5-апрель /Кабар/. Бүгүн Бишкекте Баткен окуяларынын ардагерлеринин катышуусунда семинар өтүп, анда зордук-зомбулуктуу экстремизмди жана эл аралык терроризмди алдын алуу, аларга каршы аракеттердиги ардагерлердин ролу талкууланды. Бул тууралуу “Ыйман” фондунун басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чара И.Арабаев атындагы КМУда өткөрүлүп, Чүй, Талас, Ысык-Көл жана Баткен облустарынын ардагерлери тарабынан демилгеленген.

“Биз динди деструктивдүү максатта колдонуп жаткан ар түрдүү заманбап диний агымдарды түшүнүүгө кыйла жетиштүү маалыматтарды алдык. Мен бул сыяктуу семинарга алгачкы ирет катыштым. Бул тема абдан актуалдуу болгондуктан мындай семинарларды көп өткөрүүнү каалайбыз. Биз балдарыбыздын жана өлкөбүздүн келечеги үчүн тынчсызданабыз, анткени согуш эмне экендигин биз жакшы билебиз”, - деп айтты өз сөзүндө Лейлек районунан келген катышуучу Кыргызбай Кенжебаев.

Ведомствонун маалыматы боюнча, мындай семинар-тренингдер Жалал-Абад жана Ош шаарларында өтүп, алдыда Баткен жана Нарын шаарларында өткөрүү пландалууда. Семинардын жүрүшүндө “Ыйман” фонду тарабынан КР жарандарынын экстремисттик жана террористтик уюмдарга кирүүсүн алдын алуу максатында даярдалган “Бул менин согушум эмес” тасмасы көрсөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий