• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Баткен: Окуучулардын мушташы боюнча окуянын териштирүү иштерин өкүл көзөмөлгө алды

Аймак 0

Бишкек, 16.04.21. /Кабар/. Баткен районунун Кара-Бак айылындагы «Бото Нарматов» атындагы орто мектебиндеги окуучулардын массалык мушташы боюнча окуяны өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укутуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев жеке көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирет.

Суваналиев бул окуя боюнча орун басары Эрлан Сапарбаевди атайын комиссия түзүп, окуянын чоо-жайын дыкат иликтөөнү милдеттендирди.

Ошондой эле окуянын келип чыгуу себептерин аныктоо, коомчулукта, өзгөчө мектеп окучуларынын арасында урууларга бөлүнүп, топтошуп мушташуу сыяктуу терс көрүнүштөргө жол бербөө, алдын алуу иш чараларын жүргүзүү боюнча тийиштүү жетекчилерге тапшырмаларды берди.

Окуя кечээ 15-апрелде болжол менен саат 13.30дар чамасында болгон. Бул факты РИИБнин КЖБРнин МЭЖне катталып, териштирүү иштери башталды.

Окуядан 4 окуучу жабыркап, Баткен облустук ооруканасына кайрылган. Алардын экөөнө медициналык жардам көрсөтүлүп, үйүнө жиберилген. Экөө ооруканага жаткырылган. Төртөөнүн тең абалы канааттандырарлык.

Эскерте кетсек, мурдараак Баткен облустук милициясы Баткен облусунда окуучулар арасында массалык мушташ катталгандыгын билдирген.

Пикир

Оставить комментарий