• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Баткен райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчилиги эл менен жолугуп, көйгөйлөрүн угууда

Аймак 0

Бишкек, 05.02.21. /Кабар/. Баткен райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчилиги эл менен жолугушууларын улантууда.

Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, бул ирет жолугушуулар Бужум, Боз-Адыр, Көк-Таш, Ак-Сай, Миң-Булак айылдарында өттү.

Жыйынга жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен Баткен РИИБнин башчысынын орун басары И. Айжигитов катышып, жергиликтүү калктын көйгөйлөрүн укту.

Баткен районунун тургундарынын коопсуздугун сактоо, кылмыштуулуктун алдын алууда милиция кызматкерлери ар кандай профилактикалык багыттагы иш-чараларды өткөрүп, эл менен тыгыз иш алып барып жатышкандыгы баса белгиленип, кеңири баяндамалар болду.

Үй-бүлөлүк зордук-зомбулук, жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу багытында, чек аралаш аймактарда катталган уурулуктар боюнча талкуу жүрүп, коомчулук тарабынан сунушталган сунуштар эске алынды.

2020-жыл ичинде Баткен РИИБнин көчмө кабылдамасы 215 жолу жер-жерлерге түзүлгөн графиктин негизинде чыгышкан учурда жарандардан арыз-датанууларды кабыл алган. 160 жаран ар кандай маанидеги арыз даттануулар түшкөн. Түшкөн арыз даттанууларды чечүү үчүн тийиштүү мекеме-ишканаларга жиберилген.

Ошондой эле көчмө кабылдама тоолуу айылдарга да түзүлгөн графиктин негизинде барып, арыз-даттанууларды жеринде кабыл алышат.

Пикир

Оставить комментарий