• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Баткен райондук суу чарбага 18 000 сом айып салынды

Аймак 0

Бишкек, 13-июль /Кабар/. Мамэкотехинспекциянын инспекторлору тарабынан Баткен суу чарба башкармалыгын текшерүүгө алганда, ишкананын карамагындагы магистралдык каналдарынан аккан суулар кароосуз калгандыгы аныкталган. Бул тууралуу Мамэкотехинспекциянын басма сөз кызматы билдирди.

“Тагыраак айтканда, сууну агымын, өлчөмүн көзөмөлдөгөн адис тарабынан иш жүргүзүлгөн эмес. Натыйжада сууну жергиликтүүлөр өз билемдик менен үйлөрүнө түтүкчөлөр, ар кандай жабдыктар аркылуу сууну колдонуп келишкен. Жеринде инспекторлор тарабынан акты, протоколдор толтурулуп, тиешелүү иш жүргүзбөгөндүгү үчүн Баткен суу чарбасынын жетекчиси С. Эрматовго 18 000 сом айып салынды”, - деп айтылат билдирүүдө.

Көрсөтмөдө белгиленген ири кемчиликтерди жоюу үчүн бир айлык мөөнөт берилди. Ал эми жеринде аныкталган айрым кемчиликтер инспекторлордун көрсөтмөсү менен жеринде жокко чыгарылды.

Пикир

Оставить комментарий