• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Баткен районунда 19 миң 654 куб метр таштанды ташылып чыгарылды

Аймак 0

Бишкек, 07.10.22. /Кабар/. Баткен районунун Достук айылында 47 турак үй тазаланды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Жалпы 19 миң 654 куб метр таштанды ташылып чыгарылды.

Баткен районунун Миң-Булак айылында өрттөлгөн сегиз турак үй аныкталып, бүгүнкү күнгө карата ӨКМ куткаруучуларынын кол күч менен тазаланып бүткөрүлдү.

Ал эми Миң-Өрүк участкасында комиссиянын чечими менен аныкталган 37 үй толугу менен тазаланып, 14 турак үй техникалык каражаттардын жардамы менен сүрдүрүлүп тазаланды.

Пикир

Оставить комментарий