• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Баткен районунда 37 мектеп жана 36 бала бакча иштебей турат

Кырсык 0

Бишкек, 23.09.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Баткен районунда 37 мектеп жана 36 бала бакча иштебей турат. Бул тууралуу Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев билдирди.

Анын айтымында, райондо жалпы 55 мектеп жана 48 бала бакча бар.

“Алардын ичинен 17 мектеп, 12 бала бакча иштеп жатса, кооптуу аймактардагы 37 мектеп жана 36 бала бакча иштебей турат”, - дейт ал.

Жоробаев район аймагынан 60 миңге жакын жаран эвакуацияланганын айтып, алардын 26-30 миңи район ичинде калганын кошумчалады.

Баткен районунда учурда абал салыштырмалуу туруктуу экендиги айтылат.

Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын 14-17-сентябрында Тажикстан куралдуу агрессия көрсөтүп, мурда сүйлөшүлгөн бардык макулдашууларга карабай, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча, тактап айтканда, Баткен облусундагы жана Ош облусунун Чоң-Алай районундагы чек аралык жана жарандык объекттерге чабуул жасады.

140 миңге жакын кыргызстандык чек арага жакын калктуу конуштардан эвакуацияланды.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, куралдуу кагылыштан 59 кыргызстандык (аскер кызматкерлери жана жай тургундар) каза болуп, 198 киши жабыркады.

Пикир

Оставить комментарий