• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Баткен районунда аткезчилик чай, кездеме жана эшек териси кармалды

Аймак 0

Бишкек, 7-июль /Кабар/. Баткен районунда бажычылар аткезчилик чай, кездеме жана эшек терисин кармашты. МБК басма сөз кызматы билдиргендей, “Төрт-Күл” суу сактагычынан “Түштүк” бажы бөлүмүнүн кызматкерлери Н.О. кыргыз жараны башкарган «Мерседес-Бенц 810» унаасын кармашкан.

Текшерүүдө «WATAN TAYEF», «FIVE STARS», «CHINA GREEN TEA» соода маркасындагы кургак чайлар (220 кг); рулон кездеме (1127 м), ошондой эле, эшектин иштетилбеген териси табылып, бажы документтеринин жок экени аныкталган.

Кармалган товарлардын жалпы баасы 5 289 050 сомду түзгөн.

Иштин материалдары Ош облустук прокуратурасына берилди.

Пикир

Оставить комментарий