• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Баткен районунда беш айылды жарык менен камсыздай турган чакан ГЭС ишке кирди

Аймак 0

Бишкек, 18.08.22. /Кабар/. Баткен районунун Кыштут айылында чакан ГЭС ишке кирди. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Аталган иш-чаранын ачылышына президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Тимур Мадяров, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айыл тургундары катышты.

Облус башчысынын орун басары Кыштут айылындагы чакан ГЭСтин ишмердүүлүгү менен таанышып, элеттиктерди ГЭСтин ишке кириши менен президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаевдин атынан куттуктады.

Ошондой эле облустун экономика тармагын өнүктүрүүгө салым кошуп, жеке өзүнүн аракети менен бүгүнкү кичи ГЭСти ишке киргизип жаткан жеке ишкерге ыраазычылык билдирди.

Белгилей кетсек, Баткен районунун Кыштут айылындагы Кыштут дарыясына кубаттуулугу 10 мегаватт болгон сметалык баасы 7 млн АКШ долларын түзгөн ГЭСтин курулушу 2021-жылы жеке ишкер А. Калпаев тарабынан башталган.

ГЭСти 5 каскад менен куруу жагы пландаштырылып, учурда 1-каскадтын 100% жумушу аткарылды. Тактап айтканда, 2 даана бассейн, 700 метр аралыктагы канал курулуп, 5 чакырым аралыкка электр мамычалары орнотулуп, электр чубалгылары тартылган. Биринчи каскаддын курулушуна 800 миң доллар жумшалган.

Ишке киргизүү менен Кыштут айыл өкмөтүнүн Газ, Кыштут, Чарбак, Согмент жана Таян айылдарын электр энергиясы менен камсыздалуусу күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий