• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Баткен районунда коронавирус боюнча штабдын ишеним телефондору түзүлдү

COVID - 19 0

Бишкек, 21.03.20. /Кабар/. Баткен районунда коронавирус боюнча штабдын ишеним телефондору түзүлдү. Бул тууралуу коронавирустун өлкө аймагына кирүүсүн алдын алуу жана жайылышына жол бергөө боюнча республикалык штабдан билдиришти.

Штабдын ишеним телефондору: 5 07 08, 5 18 53, 5 02 53, 0772129560, 0770816261, 0770030307.

Эске сала кетсек, үстбүздөгү жылдын 18-мартында Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев өлкөдө коронавирус жуктурган алгачкы үч учур катталгандыгын билдирген.

Жугуштуу илдетти жуктургандар Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун жашоочулары. Маалым болгондой, алар 12-мартта Кыргызстанга Сауд Арабиясынан учуп келишкен.

Эки күн өткөндөн кийин 20-мартта коронавирусту жуктурган дагы үч учур катталгандыгы маалым болду.

Мындан улам вирустун белгилери табылган элдер жашаган Сузак жана Ноокат райондорунда өзгөчө кырдаал режими жарыяланды.

21-мартта коронавирусту дагы алты адам жуктурганы белгилүү болду. Учурда Кыргызстанда коронавирусту жуктургандардын саны 12 кишиге жетти.

Сузак районун – 8, Ноокаттын – 3 жана Баткен районунун – 1 жашоосунан коронавирус табылган. Алардын баары Сауд Арабияга умрага барып келгендер. Баткен районунда өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Белгилей кетсек, бүгүн биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Кыргызстандын бардык аймактарында өзгөчө кырдаал киргизилип жатканын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий