• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Баткен районунда мечиттерге жана муктаж үй-бүлөлөргө акысыз көмүр таратылды

Аймак 0

Бишкек, 24.11.20. /Кабар/. Баткен районунун Бужум айылындагы «Аль Таваарий» мечитинин имамы Аббас Назаровдун демилгеси жана жергиликтүү демөөрчүлөрдүн колдоосу менен айылдагы мечиттерге жана муктаж болгон үй-бүлөлөргө акысыз көмүр таратылды. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

«Жергиликтүү демөөрчүлөргө ыраазычылык билдирем. Алардын колдоосу менен айылдагы 9 мечитке 10 каптан жана муктаж үй-бүлолөргө 3 каптан акысыз көмүр тараттык. Жалпы 500 кап көмүр таратылды»,-дейт Аббас Назаров.

Ал эми кышка даярдык көрүү боюнча Баткен облустук мусулмандар казыятынын тапшырмасы менен Баткен районунун мечиттеринде кышка даярдык боюнча иштери убагында ишке ашкан. Учурда мечиттке келгендер үчүн жетиштүү шарттар түзүлгөндүгүн Баткен районунун баш имам хатиби Муса ажы Жолдошов билдирди.

«Бизге муфтият жана облустук казыят тарабынан берилген буйруктарды аткаруу боюнча имамдарга тапшырмалар берилип, мүнкүнчүлүккө жараша кышка карата даярдык көрүлдү. Бүгүнкү күндө Баткен районундагы мечиттердин бардыгында жетиштүү шарт түзүлгөн» ,- дейт Баткен районунун баш имам хатиби.

Пикир

Оставить комментарий