• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Баткен районунда селдин кесепеттерин жоюу иштери уланууда

Аймак 0

Бишкек, 22.06.18. /Кабар/. Баткен районунда селдин кесепеттерин жоюу иштери уланууда, - деп билдирет ӨКМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө Баткен районунун Төрт-Гул айыл аймагынын Ак -Өтөк айылында сел өтүүчү арыктын 50 метр аралыгы сел калдыктарынан тазаланып, Дара айыл аймагынын Жаңы-Жер айылында 1 сел тосмо, Ак-Татыр айыл аймагынын Ак-Татыр айылында 1 даана көпүрө калбына келтирилди. "Ошондой эле 1 дүкөндүн жер төлөөсү, 300 метр ички арыктар, 11 турак үйдүн короолору, 1100 метр ички чарбалык арыктар сел сууларынан тазаланды. Ак–Сай айыл аймагынын Үч-Дөбө айылында жана Керме Тоо тилкелеринде 1300 метр ички жол, 2 турак үйдүн ичи, 6 турак үйдүн короолору сел калдыктарынан тазаланып, 120 метр сел тосмо калыбына келтирилди. Ал эми Кара–Бак айыл аймагынын Кара-Бак айылында селден жабыркагандарга Кызыл Жарым Ай коому тарабынан 2 даана 5 орундуу чатыр берилди", - деп айтылат маалыматта.

Учурда район боюнча 28 турак үйдүн жер тилкелерин, 206 га үлүш жана эгин талааларын тазалап, 45 латок, 2 сел тосмону, 38 метр темир түтүктү калыбына келтирүү жумуштары калды. Селдин кесепеттерин жоюу иштери 22-июнь күнү улантылат.

Эске сала кетсек, Баткен районунда 2018-жылдын 15-20-июнь күндөрү катуу жааган жаандын кесепетинен сел жүргөн.

Пикир

Оставить комментарий