• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Баткен районунда жаңы бала бакча ачылды

Аймак 0

Бишкек, 21.06.21. /Кабар/. Баткен облусундагы Баткен районунун Дөбө айылында жаңы бала бакчанын ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 34 орундуу бала бакчанын ачылуу аземине Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Олжобай Мажилимов, айыл өкмөтүнүн башчысы жана айыл тургундары катышты.

Район акими Учкунбек Жоробаев сөз сүйлөп, республикалык жана жергиликтүү бюджеттен келечек муундар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында ар бир айылдарда бала бакчасын ачууга шарттар түзүлүп жаткандыгын баса белгиледи.

Дөбө айылындагы 34 орундуу бала бакча "Үсөн Аман" жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан бүткөрүлүп, заман талабына жооп берип, бардык шарттары менен пайдаланууга берилди.

Бала бакчаны курууга активдүү катышкандарга жана салым кошкондорго район акиминин Ардак грамоталары тапшырылды.

Белгилей кетсек, Баткен районунун аймагында жалпы 44 бала бакча бар. Алардын 22си кыска, 22си толук күндуу жана аралаш тайпалуу балдар бакчасы болуп жалпы 3790 бала тарбияланат.

Пикир

Оставить комментарий