• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Баткен районунда жаңы балдар бакчасы пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 25.12.21. /Кабар/. Баткен районундагы Кызыл-Бел айылындагы “Барчын” балдар бакчасынын кошумча имараты пайдаланууга берилди.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашкандай, балдар бакчасынын ачылышына облус башчысы Абдикарим Алимбаев жетектеген тиешелүү жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айыл тургундары катышты.

Ыйгарым укуктуу өкүл өз сөзүндө бала бакчанын ачылышы жакшы жетишкендик экенин айтып, бул аракеттер ата-энелердин түйшүгүн жеңилдетип, өсүп келе жаткан жаш муундардын билим сапатын жогорулатууга салымы чоң болоорун белгиледи.

Белгилей кетсек, аталган мекеменин кошумча имаратынын курулуш иштери 2021-жылы башталып, азыркы учурда курулуш иштери толугу менен бүткөрүлдү.

Имарат 50 орунга ылайыкташкан. Жалпы сметасы 3 млн 200 миң сомду түзүп, ”Азат” кайрымдуулук фонду тарабынан каржыланган. Балдар бакчасы керектүү эмеректер-жабдыктар менен толукталып, заманбап шартта бүткөрүлгөн.

Аталган айылда 6 жашка чейинки 1 миң 304 бала болсо, ал эми балдар бакчасына баруучу 3-6 жаштагы балдардын саны 822ни түзөт . Айылда 2006-жылда ачылган бир эле 110 орундуу “Барчын” балдар бакчасы болгондуктан, аталган балдар бакчасында азыркы учурда 222 бала тарбияланат.

Пикир

Оставить комментарий