• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Баткен районундагы Ак-Сай айылында 75 орундуу балдар бакчасынын курулушу башталды

Аймак 0

Бишкек, 22.03.23. /Кабар/. Баткен районундагы Ак-Сай айылында 75 орундуу балдар бакчасынын курулушу башталды.

Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришендей, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев 21-мартта Ак-Сай айылына барып, курулушка капсула салган.

Бала бакчанын курулушу Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланып, АРИС аркылуу ишке ашырылууда. Курулуш иштери ушул жылдын сентябрында аяктайт.

Өкүлчүлүктөн кошумчалашкандай, Бакыт Төрөбаев ошондой эле Ак-Сай айылындагы жаңы бүткөрүлгөн үйлөрдөн кабар алды.

Пикир

Оставить комментарий