• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Баткен районундагы Кайыңды айылынын жашоочулары таза суу менен камсыз болушту

Аймак 0

Бишкек, 26.10.20. /Кабар/. Баткен районундагы Кайыңды айылынын жашоочулары таза суу менен камсыз болушту. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, министрликтин 2020-жылга карата атайын алдын алуу жана кесепетин жоюу боюнча иш-мерчеминин негизинде Баткен районунун Дара айыл аймагынын Кайыңды айылындагы тоо тилкелеринде жайгашкан таза суу өтүүчү арыктар селден жабыркагандыгына байланыштуу, аны калыбына келтирүү үчүн ӨКМ тарабынан 55 метр темир түтүк бөлүнүп, жергиликтүү бийлик жана жашоочулар тарабынан жумуштар аткарылды.

Жыйынтыгында Кайынды айылынын жашоочулары таза суу менен камсыз болушкан.

Пикир

Оставить комментарий