• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Баткен районунун имамдарына Ыйык Куран китептери таратылды

Аймак 0

Бишкек, 29.09.20. /Кабар/. Баткен районунун имамдарына Ыйык Куран китептери таратылды. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Баткен областына караштуу Баткен райондук хатибиятында Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы тарабынан аталган районго келген 808 даана Ыйык Куран китеби айыл аймактагы имамдарына тапшырылып, ар бир мечитке таратылып берилмекчи.

Сауд Араб Падышачылыгы өлкөсүнүн бизге берген баалуу белеги бизге аманат. Андыктан бул китептерге жоопкерчилик менен мамиле жасайлы. Ыйык Куран сооптору китепти белекке берген мусулман боордошторубузга жетип туруусун Жараткан Алла Таала кабыл кылсын”,- деди баш имам хатиб.

Ошону менен бирге баш имам хатиб Муса ажы Жолдошов каттоодон өтө элек мечиттерди тездетүү, имамдардын шайлоо өнөктүгүнө байланыштуу үгүт иштерине аралашпоосун эскертти.

Пикир

Оставить комментарий