• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Баткен районунун Кара-Токой айылында жаңы бала бакча пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 24.02.20. /Кабар/. Баткен районунун Кара-Токой айылында жаңы бала бакча пайдаланууга берилди. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Бала бакчанын ачылуу аземине өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Алишер Абдрахманов катышып, жергиликтүү элди жакшы саамалык менен куттуктап, бакчага белектерин тапшырды.

Курулуш үчүн Суу-Башы айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинен жана түрткү берүүчү гранттан, жалпы 5 млн сом каражат жумшалды.

Бала бакча 24 орунга ылайыкташып, айылдагы 7 жашка чейинки жаш балдар толугу менен тартылды.

Белгилей кетсек, облус боюнча 185 мектепке чейинки билим берүү мекемелери болсо, анын 163ү мамлекеттик, 22 жеке менчик. Бүгүнкү күндө облус боюнча балдар бакчаларына тартылган балдардын саны 22 миңден ашты. 2019-жылы облуста мамлекеттик 9 балдар бакчаларынын жаңы имараттары курулуп, пайдаланууга берилди.

Пикир

Оставить комментарий