• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Баткен, Сүлүктү жана Кербен шаарларын ичүүчү суу менен камсыз кылуу иштери аягына чыгууда

Аймак 0

Бишкек, 04.09.20. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Баткен облусунун Баткен, Сүлүктү шаары жана Жалал-Абад облусунун Кербен шаарларын ичүүчү суу менен камсыз кылуу боюнча иштер аягына чыгууда. Бул тууралуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Сайпидин Момунов брифингде билдирди.

Анын айтымында, Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкы, Евро биримдиги жана Швейцариянын колдоосу менен 192 млн еврону түзгөн долбоор өлкөнүн 20 шаарында ишке ашып жатат.

"Ошондой эле 2019-жылы 6 шаарды таза суу менен камсыз кылуу боюнча долбоор аяктаган. Алар Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Нарын, Талас, Кант шаарлары. 2019-жылы 38 айылга ичүүчү суу киргизилген", - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий