• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Баткен: “Санариптештирүү: Дүйнөдө жана бизде” конференциясы өттү

Аймак 0

Бишкек, 15.10.19. /Кабар/. “Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү” жылынын алкагында бүгүн Баткен шаарында “Роза Отунбаеванын демилгеси” коомдук фонду тарабынан “Санариптештирүү: Дүйнөдө жана бизде” деген темада конференция болуп өттү. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Конференцияга аталган фонддун негиздөөчүсү, экс президент Роза Отунбаева, өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров жана Бишкек шаарынан келген ЖОЖдордун окутуучулары, техникалык адистер, Баткен облусунун коомчулугу жана жаштар катышкан.

Конференцияда санариптештирүүнүн мааниси, максаты, артыкчылыктары, аны ийгиликтүү ишке ашыруунун жолдору талкууланды

Ошондой эле өнүккөн өлкөлөрдүн тажрыйбаларын пайдаланып, техникалык адистиктерди даярдоого чакырык жасоо учур талабы экени белгиленди.

Санариптешүүнүн натыйжасында мамлекеттик жана муниципиалдык кызмат көрсөтүүнү жеңилдетүү, жарандарга ыңгайлуу шарт түзүү жана коомчулук менен ачык иш алып барууга жетишүү зарылдыгы айтылган.

Пикир

Оставить комментарий