• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Баткен: Санитардык нормаларды сактабаган ишканалар жабылат

Аймак 0

Бишкек, 24.06.20. /Кабар/. Баткен облусунда коронавирус оорусунун жайылып кетүүсүнүн алдын алууу максатында штабдын отуруму өттү. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Отурумда өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахманов илдеттин жайылып кетүүсүнө жол бербөө, зарыл болгон чараларды көрүү менен, тийиштүү чечимдерди кабыл алып, анын үстүндө иш алып баруу боюнча тапшырмаларды берди.

Ыйгарым укуктуу өкүл өз сөзүндө, учурда өлкөдө коронавирус жуктурган жарандардын саны кескин түрдө өсүп жатканына карабай, санитардык нормалар сакталбай жаткандыгы, кооптонууну жаратып жаткандыгын белгилеп, эл арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү, базарлар, дүкөндөргө, эл көп топтолгон коомдук жайларга, калкты тейлөө жайларына тынымсыз рейддерди жүргүзүү, санитардык нормаларды сактабаган ишканаларга чара көрүү, жабуу, дезинфекциялоо жумуштарын токтоосуз улантууну тапшырды.

Ошондой эле элге беткап кийүүнүн зарылчылыгын жеткирүү, той, мааракелерге чектөө киргизүү маселелери каралды.

Бүгүнкү күндө Баткен областынын аймагындагы санитардык-карантиндик пунктары күчөтүлгөн режимде иштеп жатат. Жалпы 5 санитардык карантиндик пункттар уюштурулган. Алар: Баткен районунда “Кызыл-Бел” чек ара өткөрмө жайы, Лейлек районунда “Кайрагач” жана “Кулунду автожол” көзөмөлдөп өткөрүү жайлары, Кадамжай районунда “Пүлгөн”, Кызыл-Кыя шаарында “Кызыл-Кыя автожол” өткөрмө жайы.

Пикир

Оставить комментарий