• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Баткен шаары Сооронбай Жээнбеков үчүн!

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 26.09.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкер Сооронбай Жээнбеков өз үгүт иш-аракетинин алкагында Баткен облусунун Баткен шаарынын тургундары менен жолукту.

Өз сөзүндө С.Жээнбеков баткендиктер чектеш райондордо жашап жана иштеп, эч кандай ашыкча сөз кылбастан, талап койбостон чек араны сактап тургандыгы үчүн сыйлыкка татыктуу экенин айтты. “Мен дайым чектеш аймактарда жашаган баткендиктердин бекемдигине суктанам. Алар чек аранын айтылбаган сакчылары. Жыл сайын биз Баткен областына мамлекеттик колдоону көбөйтөбүз жана ага өзгөчө көңүл бурабыз. Анын ичинде жыл сайын чектеш аймактарда социалдык объектилерди курууну каржылоо дагы көбөйөт. Президент болуп шайланып калсам, бул маселе менин өзгөчө көзөмөлүмдө болот”, - деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Анын айтымында, өткөн жылдын август айынан бери 2017-жылдын августуна чейин өкмөт аралык топтордун 15 отуруму болуп өткөн. Мындай жолугушуулар 10 жылдан ашуун убакыттан бери өткөрүлө элек болчу. “Натыйжада, биз бир чечимге келдик, мамлекет башчыларыбыз келишимге кол коюшту. Чек ара маселесин чечүүдө эки өлкөнүн тең кызыкчылыктары эске алынган. Чек арадагы 85 пайыз участок боюнча маселе чечилди, калгандары боюнча аракеттер жүрүп жатат. Айрым саясатчылар бул жетишкендиктерди жокко чыгаргысы келип, жер сатылып кеттид еген куру сөздөрдү таратышууда. Жердин бир да метрии сатылган жок. Албетте, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшү жеңил болгон жок. Бирок баары дипломатия жолу менен эки тараптын кызыкчылыгында чечилди”, - деп эскертти Сооронбай Жээнбеков. Ал кошумчалагандай, айлык акыларды, пенсия жана пособиелерди жогорулатуу маселелери акырындап чечилет.

Баткен шаарынын жашоочусу Жумамидин Абдырахманов шаардыктарды Сооронбай Жээнбековго добуш берүүгө чакырды, анткени бардык талапкерлердин ичинен ал гана мамлекет үчүн жоопкерчилик алууга татыктуу. “Талапкерлер көп, алардын баары эле таттуу сөздөрүн айтып келишет, маселе анны ишке ашырууда. Биз, баткендиктер, мамлекет башчы деген кандай болуш керектигин билебиз, тандаганды билебиз. Добуштарды сатпай, эң татыктуу талапкер Сооронбай Жээнбековду шайлайбыз деп ишенем. Бизде миграция маселеси курч бойдон калууда, бирок ирригация маселеси чечилээр менен Сооронбай Жээнбеков баткендиктердин акча табу максатында чет жактарга кеткенин токтотот деп ишенем. Бул маселени Сооронбай Жээнбеков гана чече алат, анткени ал муну чече баштаган”, - деп белгиледи Жумамидин Абдырахманов.

Сооронбай Жээнбеков шайлоочуларга өз программасы жөнүндө кенен айтып берип, негизинен социалдык маселелерди козгогон суроолорго жооп берди. Ал Аймактарды өнүктүрүү концепциясынын алкагында 20 пилоттук шаардын ичине Исфана менен Баткен киргенин айты пберди. “Концепциянын негизинде биз айыл менен шаардын жашоо шартын теңейбиз, жаңы жумушчу орундар түзүлөт, ички жана тышкы миграция азаят”, - деп белгиледи талапкер.

Ал Баткен шаарынын тургундарын жылуу тосуп алгандарына жана берген баталарына ыраазычылык билдирип, Баткендин чыгаан уулу Исхак Раззаковдун “Сен таза болсоң, мен таза болсом, коом да таза болот” деген принцибин карманып, мамлекетке кызмат кылаарын билдирди.

  • Даярдоочу: КУМА “Кабар”
  • Дарек: Бишкек, Абдрахманов к., 175
  • КР Президенттин кызмат ордуна талапкер С.Ш Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү.
  • Нускасы 1 даана. Чыгарылган күнү: 26.09.2017 ж.

Пикир

Оставить комментарий