• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Баткен шаарына калкты тейлөө үчүн 6 автобус алып келинди

Аймак 0

Бишкек, 23.11.22. /Кабар/. "Баткен шаарыбызда жакшы саамалык болду. Баткен шаарынын тарыхында биринчи жолу 6 автобус шаарыбызга келди", - деген кабар менен президенттин облустагы башчысы Абдикарим Алимбаев социалдык тармактагы баракчасына бөлүштү.

Анын айтуусуна караганда, бул автобустар "Айыл Банк" тарабынан 6 жылдык мөөнөттө лизинг аркылуу алып келинди. Автобустар шаар калкын тейлейт.

"Ал эми келген автобустарды туура иштетсек, өзүнөн түшкөн акчанын эсебинен 6 жылда өзүн-өзү каржылоого болот. Мындан сырткары, баарыңыздарга маалым болгондой Дүйнөлүк банк тарабынан да Баткен облусуна 50 млн доллар каражаты бөлүнгөн.

Баткен облусун өнүктүрүүгө багытталган долбоордун алкагында бөлүнгөн бул каражаттын эсебинен Баткен, Кадамжай жана Раззаков шаарларын өнүктүрүү жагы да каралган. Анын ичинде Баткен шаарындагы Манас комплекси жана шаардагы эс алуучу эки парк да оңдолот. Буюрса, декабрь айынын башында жумуш башталып, шаар тургундары үчүн жакшы шарттар түзүлүп, Баткен шаары өнүгүү жолуна түшөт деген ишеничтемин", - деди облус башчысы.

Пикир

Оставить комментарий