• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Баткен шаарында 140 балага ылайыкташтырылган балдар бакчасы ачылды

Аймак 0

Бишкекк, 01.06.21. /Кабар/. Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталында “Акжолтой Баткен” балдар бакчасы ачылып, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, салтанатка КР президентинин Баткен облусунун чек ара аймактарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча атайын өкүлү Мамыржан Рахимов, КР министрлер кабинетинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаев баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, жергиликтүү тургундар менен балдар бакчасынын тарбиялануучулары катышты.

140 орунга ылайыкташкан балдар бакчасы республикалык бюджеттин эсебинен 52 млн сомго курулду.

Белгилей кетсек, Баткен шаарында 5 мамлекеттик, 6 жеке менчик балдар бакчасы бар. Анда 1 584 бала тарбияланууда. Шаарда дагы 50 орундуу бала бакчанын курулушу аяктап, пайдаланууга берилүү алдында турат.

Баткен шаарында балдар бакчасына баруучу курактагы балдардын саны 4 миң 300дү түзөт.

Пикир

Оставить комментарий