• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Баткен шаарында 22 жаштагы Закир кызы Айхан дайынсыз жоголду

Кырсык 0

Бишкек, 13.04.21. /Кабар/. Баткен шаарынын Базар-Башы кварталынын 22 жаштагы тургуну Закир кызы Айхан дайынсыз жоголду. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ал 2021-жылдын 12-апрелинде болжол менен саат 11:00дөр чамасында Баткен районунун Бужум айылында күйөөсү менен чогуу жашаган үйүнөн чыгып кетип кайрылып келген эмес.

Өзгөчө белгилери: бою 150-155 см, ак жуумал, кашы-көзү кара.

Кийген кийимдери: үстүнө күрөң түстөгү көйнөк, астында күрөң түстөгү шым, башында ак түстөгү жоолук (хиджаб).

Облустук милиция сүрөттөгү келинди таанып билгенден болса, анда төмөнкү номерлерге чалып коюуну өтүнөт: 102; 03622 5-17-56; 0709 736 637; 0774 778 688

Пикир

Оставить комментарий