• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Баткен шаарында «Баткенди өнүктүрүү – өлкөнү өнүктүрүү» форуму өтөт

Өкмөт 0

Бишкек, 04.10.21. /Кабар/. 2021-жылдын 14-октябрында Баткен облусунун Баткен шаарында «Баткенди өнүктүрүү – өлкөнү өнүктүрүү» форуму өтөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, форумдун ишине Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов, ошондой эле мамлекеттик органдардын жетекчилери, эл аралык уюмдардын, дипломатиялык корпустардын, финансылык институттардын, бизнес-омбудсмен өкүлдөрү, атамекендик ишкерлер жана бизнес-түзүмдөр катышат.

Белгилей кетсек, иш-чара «Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын gрезидентинин Жарлыгы алкагында Баткен облусунун экономикалык потенциалын кеңейтүү жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүү, ошондой эле жергиликтүү тургундардын жашоо сапатын жогорулатуу максатында өтөт.

Аталган форум Баткен облусун социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулоо аянтчасы катары гана саналбастан, маанилүү макулдашууларга жетишүүгө да мүмкүндүк берет.

Пикир

Оставить комментарий