• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Баткен шаарында ишембиликте 260 көчөт отургузушту

Аймак 0

Ош, 15-апрель /Ерлан Тургунбаев – Кабар/. Баткен шаарынын Төрт-Гүл тилкесинде ишембилик өтүп, ага Баткен облусундагы өкмөттүн өкүлү Абиш Халмурзаев катышты. Бул тууралуу облус башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Ведомствонун маалыматы боюнча, Төрт-Гүл тилкесинде 260 көчөт отургузулуп, бак-дарактар буталып, акталды. Ошондой эле, ирригациялык каналдар тазаланды. Ишембиликте өкмөттүн өкүлү бардык жергиликтүү тургундарды жана мамлекеттик, муниципалдык мекемелердин жетекчилерин ишембиликке активдүү катышууга чакырды.

Белгилей кетсек, бүгүн Кыргызстанда жалпы республикалык ишембилик өттү.

Пикир

Оставить комментарий