• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Баткен шаарында көп кабаттуу үйлөр курулат

Аймак 0

Бишкек, 11.01.22. /Кабар/. Баткен шаарында көп кабаттуу үйлөр курулат. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, шаардын Султанмурат миңбашы көчөсүндө 37 сотых жерге "Элит гранд" компаниясы өздүк салым менен 9 кабаттуу 2 үй куруп берет. Учурда эки тараптуу келишим түзүлүүдө.

Андан сырткары, Чет-Булак кварталынын Түлкү-Таш массивиндеги 41,6 гектар жерге түркиялык жеке ишкер тарабынан 9 кабаттуу 50-60 үй, балдар бакчасы, эс алуу багы менен шаарча курулат.

“Түркиялык ишкер тарабынан курулган үйлөрдү жарандар ипотекалык негизде ала алышат. Ал эми "Элит гранд" компаниясы тарабынан курулган көп кабаттуу үйлөр түз келишим менен сатылат. Учурда Баткен шаардык мэриясы 37 сотых жерди "Элит гранд" курулуш компаниясына курулушка берүү максатында даярдоо иштери жүрүп жатат”, - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий