• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Баткен шаарында "Хюндай-Портер" унаасы өрттөнгөн

Кырсык 0

Бишкек, 10.12.19. /Кабар/. Өлкө аймагында бир күн ичинде 6 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Баткен шаарында, "Ош-Баткен-Исфана" жолунун 234-чакырымында "Hyundai Porter" үлгүсүндөгү унаа күйгөн.

Чүй облусунун Военно-Антоновка айылында турак үйдүн 20 чарчы метр чатыры жана 3 куб отун күйгөн.

Бишкек шаарындагы Келечек жаңы конушунун 9-көчөсүндө сарайдын 16 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Кочкор районундагы (Нарын облусу) Кара-Тоо айылынын Ак-Ордо көчөсүндө сарайдын 15 чарчы метр чатыры күйгөн.

Пикир

Оставить комментарий